Пандемияга байланыштуу президенттик балаты быйыл онлайн форматында өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирген.
Республика боюнча 1 миң 800 балага президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун атынан белек берилет.
«Эпидиомологиялык кырдаалга байланыштуу балаты онлайн өтүп, республикалык телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт. Белектерди 27-декабрга чейин жергиликтүү бийлик органдары балдардын даректерине жеткирейт», — дейт Анаркулов.