Экинчи аялы бар экенин уккан келин, жолдошун бычактап салды

0
271

Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну А.И.  30- сентябрь бычак саюудан жарадар абалында, тез жардам кызматы менен Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Окуя боюнча ош ШИИБнин ыкчам тергөө бөлүмү иликтөөгө алып, жабырлануучунун көкүрөк тушуна өз аялы (1996-жылы туулган Т.А.) тарабынан бычак урулганы маалым болгон.

Үйүн тинтүү учурунда короонун сыртынан 2 даана ашкана бычагынан, бастырмага катылган 1 дааны ашкана бычагынан жана уялдук телефондон кандык тактары табылган.

Кылмышка шектүү делген аял бул аракетин, кызгануудан улам келип чыкты деп түшүндүргөн. Башкача айтканда жолдошунун экинчи аялы бар экендигин билип калган жана анын айынан жаңжал чыккан.

Кылмышка шектүү келин ыкчам тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Ош ШИИБнин басма сөз кызматы тастыктайт.

Эскерте кетсек жубайлардын баш кошконуна болгону 2 жыл болгон.