130дан ашык илимий эмгектердин автору Бектемир  Мурзубраимов 80 жашта

0
94

Химия илимдеринин доктору, академик, мамлекеттик жана коомдук ишмер  Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдыгы белгиленди. Иш чарага Ош шаарынын мэри  Таалайбек  Сарыбашов, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшаналиев, илимдер академиясынын академиктери жана жакын санаалаштары катышты. Калаа башчысы оз созундо Бектемир Мурзубраимов мыкты лидер жетекчи, мекенчил инсан, интеллигенциянын активдүү өкүлү, коомдун жана өлкөбүздүн алдыңкы ишмери экенин баса белгиледи.

 Саамалыктын катышуучулары академиктин билим беруу тармагына кошкон эбегейсиз салымына токтолуп, анын эмгек жолу жаны муунга улгу экенин кошумчалашты.

Бектемир Мурзубраимов 1940-жылы 12-декабрда Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында туулган. Өз өмүр жолун билим берүү тармагына арнаган Мурзубраимов, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты да болгон.

Мындан сырткары анын 130дан ашык илимий эмгектери бар. Алардын көпчүлүгү союздук Конференциялардын материалдарына жарыяланып, чет элдик тилдерге которулган. Ал эми учурда мамлекеттин жетекчилигинде Ош педагогика институнун химиктери менен турмуш-тиричилик үчүн маанилүү элементтердин аракеттенүүсүнүн илимий негиздерин иштеп чыгып жаңы натыйжалуулукка ээ болгон биоактивдүү препараттарды синтездөөдө эмгектенип жатышат.

Бектемир Мурзубраимов СССР эл агартуу жана элге жогорку билим берүүнүн, Кыргыз ССР элге билим берүүнүн отличниги. Лениндин 100 жылдыгына карата «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы, жана Курнаков атындагы эстелик медалы менен сыйланган.