Ош шаарынын күнүнө карата жаңы ачылган «Ак ниет» сейил багы/ фоторепортаж

0
554

  Бүгүн, 5-октябрь-Ош шаарынын күнүнө карата шаардагы Т.Кулатов кичи шаарчасында жаңыдан курулган «Ак Ниет» сейил багы пайдаланууга берилди.

Сейил бактын расмий ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Өкмөт башчы М.Абылгазиев шаар тургундарын Ош шаарынын күнү жана жаңы сейил бактын ачылышы менен куттуктап, биримдик, ынтымак каалады. Ал эми, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов аталган сейил бактын курулушу тууралуу маалымат берди.

«-Келечекте сейил бакты Ак-Тилек жана Жапалак кичи райондоруна чейин кеңейтүүнү пландап жатабыз. Ак ниет менен курулушун баштаган сейил бакка «Ак Ниет» деп ат бердик. Шаарыбызда жакшылыктар көп болсун”,-деди шаар мэри.

“Ак Ниет” сейил багынын жалпы узундугу 850 метр, туурасы 18-20 метрди түзөт. Курулушка жергиликтүү бюджеттен 28 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталган эле.

Эскерте кетсек, мурда бул жерде кичи базар жана майда соода күркөлөрү бар эле. Эс алуу багын куруу учун соода түйүндөр жол боюнан алынып, тазаланды.

Аны менен бирге көп кабаттуу үйлөрдүн сырты боёлуп, мыйзамсыз тосулуп алынган, улап күркө салынган имараттар үйдүн тегерегинен алынды.