Форма -2 жок. Шайлоочулардын саны Бишкекте 80 миңге, Ошто 30 миңге азайды.

0
190

БШК “форма 2” жокко чыгарылгандыктан Бишкек жана Ош шаарларында шайлоочулардын саны азайып, башка аймактарда көбөйгөнүн кабарлады.

14-декабрга карата өлкөдө 3 миллион 500 миң 582 шайлоочу катталды. 29-декабрга чейин шайлоочулардын саны дагы өсүшү мүмкүн.

Ош облусунда 726 миң 311, Жалал-Абад облусунда 667 миң 286, Чүйдө жана Бишкек шаарында 410 миң 202 шайлоочу катталган. Чет өлкөлөрдө 35 миң 575 шайлоочу бар.

Бул ирет шайлоочулардын саны 29 миңге өстү. Бирок Форма 2 тизмеси аркылуу добуш берүү жокко чыгарылгандыгына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларында добуш берүүчүлөрдүн саны кыскарды. Тактап айтканда Бишкек шаарында 80 миң, Ош шаарында 30 миңге аз шайлоочу катталды. Калган аймактарда өсүш байкалды«, — деп билдирген БШКнын төрайымы Н. Шайлдабекова.