Коңшу Тажикстандын аймагына мыйзамсыз түрдө күйүүчү-майлоочу май ташууга аракет кылган фактыны Баткен облусунун Лейлек райондук чек ара кызматкерлери аныктады.
Чек ара кызматы маалымдагандай, Тажикистандын Т.М. аттуу жараны «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы менен Кыргызстандан Тажикстанга 3 тонна дизель отунун алып кирүүгө аракет кылган. Анда жүккө тийишелүү документтери болгон эмес.
Кармалган айдоочу жана жүк тийиштүү органдарга чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.