11-декабрь Эл аралык тоолор күнү

0
269

Эл аралык тоолор күнү 2003-жылдан бери белгиленип келет. Дал ошол жылдын октябрь айында Кыргыз мамлекетинде Эл аралык тоолор жылында ЮНЕСКОнун чечими менен атайын саммит өтүп, ага бүткүл дүйнө жүзүнөн делегаттар катышкан. Анда Бишкек тоо платформасы кабыл алынган.

Ошентип, БУУнун кабыл алынган эл аралык тоо күнү жөнүндө чечиминин тарыхы да Кыргыз өлкөсүнөн башталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн б.а. 75 пайызын тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери.