Соцтармакта экстремисттик видео тараткан жаран кармалды

0
136

Социалдык желелерде экстремисттик чакырыктарды жасап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирген.

Ушул жылдын жай мезгилдеринде Facebook социалдык түйүнүндө Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремистик уюмдарга таандык болгон видео материалдар, Сирия мамлекетиндеги куралдуу кагылуушуну колдогон видеотасмалар, жихатка чакырган үндөр таркатылып жүргөн.

Таркатылган маалыматтарга комплекстүү экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында экстремисттик деп аныкталган.

Бул факт Кадамжай РИИБнин КЖБРне “экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында 10-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын 45жаштагы А.О. аттуу жаранын аныкталып, колго түшкөн. Учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизген.