10-декабрда Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү белгиленет

0
180

10-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү. Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен белгиленип келет. Бирок, азырынча расмий макамга ээ боло элек.

Бул датанын урматына дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде ири жана кичи масштабдагы футболдук иш-чаралар өткөрүлөт.

Футбол — алгачкы жолу Кытай булактарында биздин заманга чейинки II миң жылдыкта эскерилген. Анда футбол «Цу Чю» деп аталып, ал “бут менен түртүү” дегенди түшүндүргөн. Бул оюн аркылуу кытай аскерлери дайыма чымыр денелүү болууга умтулушкан.

Ал эми ЛОндондо1863-жылдын октябрында бул оюнга ышкыбоздордун бирикмеси түзүлгөн.

Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясы 1992-жылы түзүлүп, 1994-жылы эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) толук кандуу мүчөсү болгон.