Ош-Бишкек жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

0
229

Бүгүн,  28-ноябрда саат 03:30да аба ырайынын кескин начарлашынан улам Ош-Бишкек унаа жолунун «Арал» постунда жүк ташуучу унааларга чектөө кирди.

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, Ала-Бел ашуусунда жолдун тайгактыгына байланыштуу жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. МАИ кызматкерлери чоң жана кооптуу жүктөрдү ташып бараткан жүк ташуучу унаалар трассада жүрбөй тургандыгын көзөмөл кылышат.

Ошондой эле, өткөн ар бир жүргүнчү ташуучу унаанын дөңгөлөктөрү жана чынжырлары текшерилет. Учурда тийиштүү кызматтар менен биргеликте жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми, Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга кар жаагандыгына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында этият болууну эскертет.