COVID-19: + 423 жаңы учур, 130у Бишкекте

0
112

28-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирустан 6 бейтап көз жумду. Алар: Бишкекте 3, Нарын, Чүй жана Ош облустарынан бирден бейтап.  Ошондой эле, 423 жаңы учур аныкталды. Республикалык штаб вирус жуктургандардын жалпы саны 71 миң 971ге жеткенин кабарлады.

Соңку суткадагы жаңы учурлар:

Бишкек — 130
Ош — 16
Чүй облусу – 102
Ош облусу — 35
Талас облусу — 17
Нарын облусу — 11
Ысык-Көл облусу – 33
Жалал-Абад облусу – 50
Баткен облусу – 29

Ал эми, бүгүнкү күнгө карата 461 бейтап вирустан сакайып, илдеттен айыккандардын жалпы саны 63 миң 407 адам.