ФИФА рейтингинде кыргыз футболчуларынын позициясы төмөндөдү

0
183

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде бир позицияга түштү. Жаңыланган тизме Европа улуттар Лигасынын жана башка достук беттештердин жыйынтыгы менен түзүлгөн.

 Биздин өлкөнүн командасы отчеттук мезгилде оюн өткөргөн эмес, андыктан алдыга Люксембург курамасын чыгарып, 95-орундан 96га төмөндөдү.

 Ал эми Азиялык футбол конфедерациясы мамлекеттеринин рейтингинде Кыргызстан 15-орунда турат.