Тайырбек Сарпашевге “мыйзамсыз баюу” беренеси менен иш козголду

0
121

Мурдагы вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Финансы полициясынан билдиришти.

Ага «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сарпашев мамлекеттик кызматта турганда көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган.

«Ал өзү сатып алгандарын жакын туугандарына каттап, декларациясында көрсөткөн эмес. Кылмыш ишинин алкагында ал суракка чакырылат», — деп айтылат Финполдун маалыматында.