Кезектеги интервенция. 5,8 млн доллар сатылды.

0
110

Кечээ, 26-ноябрда Улуттук банк сатыкка 5,8 миллион доллар чыгарды. Ушуну менен ноябрь айында тогузунчу, ал эми жыл башынан бери 24-жолу интервенция жүргүзүлдү. Жалпысынан 410,55 миллион доллардан ашуун акча сатылды.

Ал эми, бүгүн эртең мененки доллардын расмий курсун Башкы банк 84,79 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандап, 73 сомго түшкөн.