Тендер: Өкмөт эл аралык соттордо коргой алчуу юридикалык компания издейт

0
332

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын укуктарын жана кызыкчылыктарын эл аралык соттордо (Арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, третей сотторунда жана башка адистешкен соттордо) коргой турган юридикалык компанияларга КРнын өкмөтүнүн атынан Сот өкүлчүлүгү тендер жарыялады.

Юридикалык команданын жетекчисине жана кызматкерлерине коюлган негизги талаптар:

-Эл аралык компанияларга мүчө болуусу,

-АКШ же Улуу Британияда адвокат катары таанылгандыгы,

-Юридикалык билимге жана 10 жылдан кем эмес эмгек стажына ээ болуусу,

-Эл аралык компаниялар менен 5 жылдан кем эмес кызматташуусу,

-Кыргыз, орус жана англист тилинде эркин сүйлөй алуусу ж.б.

Толугураак маалымат жана тендердин шарттарын төмөндөгү шилтеме аркылуу тапсаңыз болот.

https://drive.google.com/drive/folders/13lFtyHhgaZomItZ24h7kysu2HL92FE9-?usp=sharing

Өтүнмөлөрдү center.court.rep@gmail.com электрондук дарегине жиберүүгө болот.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын кызыкчылыгын чет өлкөлүк соттордо коргогон юридикалык компанияга, социалдык баракчаларда түрдүү нааразычылыктар болуп келген.

Булак: КРнын Тышкы Иштер Министрлигинин официалдуу сайты.