Жанар Акаев бүгүн ИИМге суракка барышы керек

0
93

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылды. Бул тууралуу Бул тууралуу «Короче» Telegram-каналы маалымдап, чакыртма кагазынын сүрөтүн жарыялады.

Анда эл өкүлү күбө катары тергөөчүгө бүгүн, 19-ноябрда келиши керектиги кабарланган.

Ал эми Ж.Акаев «Суракка эмнеге чакырып жатканы белгисиз. Божомолумда, 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяларга байланыштуу болсо керек», — деп билдирген.