Ош шаарынын ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды

0
142

5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата Ош шаарынын көркүн ачууга, ар тараптан өсүп-өнүгүүсүнө, жаңырып-жашаруусуна, экономикасын чыңдоого жигердүү аракети менен салым кошуп келе жаткан мекеме-ишканалардын жетекчилерин жана кызматкерлерин, жеке ишкерлерди Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов жана депутаттар Ардак грамота жана белектер менен сыйлашты.

Сыйлык ээлеринин арасында ОшТВ телеканалынын башкы бухгалтери Нурмажал Атамова дагы бар. Ал биздин телеканалда 2016-жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет.  Кызматына жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылып, каржылык тармакта көрсөткөн тактыгын биздин жамаат да жогору баалайт! Учурдан пайдаланып ыраазычылык билдиребиз жана ден соолук, үй бүлөөлүк бакыт каалайбыз!