COVID-19: Орусия вируска кабылган мигранттарды акысыз дарылап жатат

0
135

Россиянын аймагында COVID-19 жуктуруп алган мигранттар акысыз дарыланып жатат. Бул тууралуу Москва шаарынын Саламаттык сактоо департаменти жергиликтүү ЖМКга маалымат берген.

Буга чейин коронавирус жуктурган мигранттар Россияда милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ММК полиси) бар учурда гана акысыз же жеңилдиктер менен дарыланышчу. Анткени камсыздандырылган же акысыз дарыланууга укук берген ММК полиси Россияда убактылуу же туруктуу жашоого уруксат берилген чет элдик жарандарга, качкындарга жана эмгек келишими аркылуу иштеген ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына берилет.

Департаменттин маалыматында: «Коронавирус бардык адамзатына коркунуч алып келген оору экенин эске алып, полиси жок мигранттарды дагы акысыз дарылоону бийлик туура көрдү. Негизи Тажикстан, Өзбекстан, Украина сыяктуу өлкөлөрдөн келип, аталган полисти ала албаган жарандарга күтүлбөгөн кырсыктан улам жаракат алып, өмүрүнө коркунуч жаралып турган учурда гана акысыз тез жардам көрсөтүлөт. Эми өлкө бийлиги коронавирусту дагы ушул категорияга кошуп койду«, — деп айтылат