Кримтөбөл Камчы Көлбаев жакын арада бошотулбайт

0
77

“Мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) ден-соолугуна байланыштуу 2-ноябрда №47чи түзөтүү абагына  которулган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда УКМК кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу боюнча сотко чейинки өндүрүштү териштирүү ишин жүргүзүп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет басма сөз жыйынында КРнын Коопсуздук Кеңешинин экс-катчысы Дүйшөбаев бийликтер уюшкан кылмыштуу топ менен келишти делген имиш жана Камчы Көлбаев жакынкы күндөрү бошотулат деп айткандыгын эскертет. Отчетто К.Дүйшөбаевдин “ыкчам маалыматтары” тастыктала электиги белгиленген.

Анын айткан сөздөрүн арзан пиар катары бааласак болот, бул аны УКМКнын мурдагы башчысы катары көрсөтпөйт” — деп белгилейт УКМКнын басма сөз кызматы.