Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди

0
142

Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын бардыгын кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Министрлик мындай маалыматты Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинен алган. Бул жагдай Кыргызстанда окуп кеткен пакистандыктардын дипломдорунун өз өлкөсүндө таанылбай жатканы менен түшүндүрүлдү. Ошондой эле алардын 90%ы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай жатышат.

Бул маселени Билим берүү жана илим министрлиги 28-октябрда медициналык багыттагы адистерди даярдаган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен чогуу талкуулады. Анда дээрлик бардык окуу жайлар эл аралык аккредитациядан өтпөгөнү жана мындан ары аларга көзөмөл күчөтүлөрү белгиленди. Ошондой эле министрлик пакистандык студенттерге кирүү талаптарын күчөтүүгө чакырды.

Окуу жайлар бул жана башка талаптарды аткарбаса алардын лицензиясы кайра каралат.

Расмий маалыматтарда көрсөтүлгөндөй, Кыргызстанда билим алып жаткан 8700дөй пакистандык, 9 миңден ашык индиялык студент бар. Алардын көбү Эл аралык университеттин медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат.