COVID-19: Европада абал курчуду. Германия, Франция катаал чектөөлөрдү киргизүүдө

0
95

Коронавирустун жайылып кетпешинин алдын алып Германия бир айлык мөөнөткө айрым аймактарына карантин киргизди. 2-30-ноябрга чейин ресторандар, оюн-зоок борборлору, концерттик залдар, театрлар жана фитнес-борборлор жабылат. Дүкөндөр санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө милдеттендирилди. Көпчүлүк аймактарда мектептер иштей берет.

«Кырдаал өтө олуттуу. Биз азыртан чара көрүшүбүз керк” — деп билдирген немис канцлери Ангела Меркель.

Ал эми Франция 30-октябрдан тартып массалык иш-чараларга тыюу салынат. Бассейн, ресторан, барлар жабылат. Үйдүн айланасынан алыс чыгууга тыюу салынат. Дүкөнгө, жумушка, дарыгерге барууга гана уруксат. Мындай катаал чара 1-декабрга чейин созулушу болжолдонуп жатканын өлкө президенти Эммануэл Макрон 28-октябрдагы кайрылуусунда айтты.

Анын айтуусунда, сырттан келгендердин баары коронавируска карата тесттен өтүшөт. Француз өкмөтү эки жумада бир чектөөнү жумшартуу же катаалдантуу маселесин карап чыгары айтылды.

Европа өлкөлөрүндө 28-октябрга карата бир суткада дээрлик 15 миң адам вируска чалдыкканы аныкталган. Бул өткөн аптадагы көрсөткүчтөн эки эсе көп.

Ошондой эле, Болгария, Бельгия, Португалия, Польшанын өкмөттөрү карантиндик чектөөлөрдү күчөттү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европада акыркы бир жумада 1,3 млн. адам коронавирус жугузуп алганын маалымдады. Бул жалпы дүйнө жүзүндөгү вируска чалдыккан 2,9 млн. адамдын дээрлик тең жарымын түзөт. Көз жумгандардын саны да мурунку жумага караганда 37% өстү.