АКШга ГРИН-КАРД лотереясын ойнотуу башталды, утуп алуу мүмкүнчүлүгү сизде да бар

4
5647

Green Card-2021 лотереясына онлайн катталуу  Кыргызстандын убактысы боюнча 3-октябрга караган түндө башталып, 5-ноябрга чейин уланат.

2021-жылга грин-карт лотереясына арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн жана шарттарын АКШнын мамлекеттик департаменти өз сайтында  жарыялаган. Маалыматка ылайык, 2021-жыл үчүн жалпы 50 миң грин-карт ойнотулат.

ГРИН-КАРД лотереясы- АКШга мыйзам жолу менен баруунун  бирден-бир эң жеңил  мүмкүнчүлүгү. Ага катышуу үчүн англист тилин билүү же жогорку билимдүү адис болуунун да зарылдыгы жок. Катышуучуларды компьютердик программа лотерея түрүндө тандайт. Андыктан ар бир катышуучунун ГРИН-КАРД утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Лотореяга катышуу үчүн анкетаны толтурууңуз кажет. Анкетаны толтурууда маалыматтарды англисче туура жазып жатканыңызга, сүрөттү туура тандаганыңызга (көлөмү чарчы, jpeg форматында), дарек, үй-бүлөлүк абал,  билим тууралуу маалыматтардын так экенине көңүл буруңуз.

Эмнелерди билүү керек:

  •  Анкетаны расмий сайтта гана толтуруңуз: https://dvlottery.state.gov. Ушул сайттан гана, башка жактан толтурбаңыз!!! Башка сайттардан толтурган чакта, расмий сайттагы анкета жараксыз болуп калышы мүмкүн.
  •  Лотореяга катышуу толугу менен бекер! Сиз утмайынча анкета толтуруу үчүн да, катталуу үчүн да эч нерсе төлөбөйсүз.
  • Башка ортомчулардан жардам алуу үчүн кайрылуунун такыр кереги жок: анкета жөнөкөй, англисчени начар билген адам деле толтура алат. Негизгиси аты-жөнүңүздүн, дарегиңиздин англисче кантип жазыларын тактап алыңыз (жалпы жарандык паспорттон колдонсоңуз болот).
  •  Анкетаны толтуруп баштагандан тартып 1 саат берилет. Эгерде 1 сааттын ичинде толтуруп бүтпөсөңүз, кайра баштоого туура келет.

Эскертүү!!! Анкета толтуруу үчүн интернеттин ылдамдыгы жакшы болуусу зарыл. Андан сырткары биринчи жана акыркы күндөрү, анкета толтуруучулар көп болгондуктан, сайтта техникалык көйгөйлөр жаралуусу мүмкүн. Андыктан, убакытты тактап алганыңыз маанилүү!

Төмөндө 2 ирет ГРИН-КАРД утуп алган, журналист Адилет Айтикеевдин Фейзбук  баракчасынан алынган видео кеңеши.

Ал ушул учурда АКШнын Калифорния штатында жашайт.