Казакстанга 26-октябрдан тарта авиакаттам менен келген ар бир адам ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Тексттин жыйынтыгы жок болсо өлкөгө киргизбейт. Мындай шарт казак жарандарына дагы тиешелүү.
«26-октябрдан тарта авиакаттамдар менен келген ар бир адам ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Ансыз жүргүнчү бортко киргизилбейт. Тесттин жыйынтыгы жок адамды алып келген авиакомпания ири суммадагы айыпка жыгылат«,- деп айтылганын Спутник Казакстан агенттиги жазган.
Бул шарттын 5 жашка чейинки балдарга тиешеси жок.