Россияда Кыргызстандык бокс машыктыруучусу, сабалып каза болду

0
292

online Онлайн эфир

Окуя Россиянын Ленинск-Кузнецкий шаарындагы түнкү барлардын биринде болгон. Эс алып жаткан 32 жаштагы кардар бокс боюнча Кыргызстандык машыктыруучуну сабап салган. Ал бүгүн 2-октябрда ооруканада көз жумду.

Бул тууралуу «Газета Кемерово» басылмасы Кемеров облусу боюнча ИИМдин башкы башкармалыгына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка караганда, шектүү кармалган. Ал шаардагы барлардын бириндеги кардарлардын бирөөсү кыз менен урушуп жатканын көргөн. Шектүү жаш жигитти сыртка алып чыгып мушташа кеткен. Ал машыктыруучунун башын бир канча жолу асфальтка урган.

«Күбөлөр окуя болгон жерге тез жардам чакырышкан. Шектүүгө карата кылмыш иши козголду. Ал 8 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Каза болгон жаран 25 жаштагы Болот Атакулов болуп чыкты.

«Учурда маркумдун достору анын сөөгүн Кыргызстанга жиберүү үчүн акча чогулта башташты. Кузбасста спортчунун студент карындашы эле калды. Ал чыгымдарды жалгыз өзү көтөрө албайт»,- деп жазылган басылмада.

Булак: Т мэдиа