Жалал-Абадда мечитте жума намаз окулушуна убактылуу тыюу салынды

0
102

Жалал-Абад шаарында коронавируска кабылгандар көбөйүп жаткандыктан, мечиттерде жума намазын окууга убактылуу тыюу салынды. Мындай билдирүүнү шаардык мэриянын басма сөз кызматы тартатты.

“Шаарда кырдаал курчуп жатат. Вируска кабылгандар көбөйүүдө. Ага ылайык шаардык штаб массалык топтолууга бөгөт коюуда”, — деп айтылат билдирүүдө.