4 жетекчиге генералдык наам ыйгарылды

0
184

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетеринде күч органдарындагы 4 жетекчиге генералдык наам берди.

ИИМдин маалымат кызматынан билдиргендей, Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен министрдин орун басарлары Алмаз Орозалиев менен Мирлан Каниметов генерал болушту.

Ошондой эле УКМКнын маалымат кызматы, төраганын биринчи орун басары Талантбек Салиев генерал-майор наамына ээ болгонун билдирген.

Милициянын генерал-майору наамын алгандардын катарын Ош ОИИБинин жетекчиси Малик Нурдинов да толуктады.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.