Жапаров депутаттардын санын азайтууну, шайлоо босогосун түшүрүүнү сунуштады

0
172

Шайлоо босогосун 5%га түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартуу туура деп ойлойм”- деп  премьер-министр Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Шайлоо босогосун буга чейин сунушталгандай үч пайызга чейин түшүрүү өтө эле төмөн болуп каларын айтты.

«Бир мандаттуу шайлоону азырынча туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча парламенттик шайлоо партиялык система менен өтүшү керек экен. Түндө мыйзамдын баарын карап чыктым. Эгерде биз партиялык система боюнча шайлоону өткөрбөй конституциялык реформага барабыз десек, мыйзам талаасынан бир аз четтеп кетчүдөйбүз. Шайлоо босогосун үч пайызга чейин түшүрөлү деген сунуштар болуп жатат. Аны өзүңүздөр чечиңиздер, бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат деп ойлойм. Менимче, беш пайызга түшүргөн туура. Бул менин жеке оюм, эч кимге таңуулабайм. Мындан сырткары, 5 миллион сомдук күрөөнү бир миллионго чейин түшүрсөңүздөр деген сунушум бар. Ошондой эле депутаттардын санын 120 эмес, 70 же 90го кыскартып коюп, анан парламенттик шайлоону өткөрүп алсак. Андан кийин жаңы парламент конституциялык реформага барса туура болот экен«, — деди Жапаров.

Ошондой эле, президенттик шайлоо тууралуу да жакын арада сүйлөшүүлөр болоорун, так датасы кийин жумада белгиленерин кошумчалады.

Өкмөт башчы бардыгы мыйзам чегинде болорун белгилеп өттү.