30-октябрда Эмомали Рахмондун инаугурациясы өтөт

0
110

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрга белгиленген.  Тажикстандын мыйзамы боюнча, өлкө башчысы расмий түрдө ишке киришүү үчүн эки палатанын биргелешкен жыйынында ант берүүсү керек.

Кошумчалай кетсек, Тажикстанда 11-октябрда президенттик шайлоо өткөн. Анда шайлоочулардын 90 пайызынын добушун алган Эмомали Рахмон төрт атаандашын жеңип, бешинчи жолу өлкө башчылыкка келген.