Баш мыйзамга ылайык Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша албайт

0
182

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында мурдагы президент Сооробай Жээнбековдун отставкасын кабыл алынды.

Жыйында депутат Өмүрбек Текебаев “Мамлекет башчынын милдетин аткарган премьер-министр алдыдагы президенттик шайлоого катыша албайт. Анткени эч ким өз макамынан пайдаланып кетпесин деген чектөө Баш мыйзамда так жазылган” –деп билдирди.

Муну журналисттердин суроолоруна  жооп берген БШКнын торайымы да тастыктап, Конституцияга ылайык Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша албайт турганын айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш карткандыктан ушул тапта өлкө башчысынын милдети премьер-министр Садыр Жапраровго жүктөлгөн.