COVID-19: Абал курчуду. Вирус дагы 431 адамдан чыкты

0
119

Акыркы суткада өлкөдө коронавирус жуккан жаңы 431 учур катталды. Алардын ичинен 20сы медицина кызматкери экенин республикалык штаб билдирди. Муну менен илдет жуктуруп алгоритандардын саны өлкө боюнча 51 миң 20 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

Бишкек — ​​70

Ош — 44

Чүй облусу — 34

Ош облусу — 147

Талас облусу — 4

Ысык-Көл облусу — 15

Жалал-Абад облусу — 65

Баткен облусу — 52

Ошондой эле, сутка ичинде 208 бейтап илдеттен сакайып, ооруну жеңгендердин саны 45 миң 288 адам болду.