COVID-19: Ошто 2, Баткенде 2 бейтап вирустан каза болду

0
72

16-октябрга карата коронавирустан 4 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19дан көз жумган бейтаптар, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 2 адам. Мунун менен пандемия учурунда вирустун курмандыгы болгондордун саны 1 миң 103 бейтап болду.

Кошумчалай кетсек, 16-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 431 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 51 миң 20ны түзөт. Алардын ичинен 45 миң 288 киши айыгып чыкты.