Жээнбеков өлкөдөгү тынчтыкты сактап калуу максатында кызматтан кеткенин парламентте билдирди  

0
112

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анда депутаттар Жээнбековдун отставкасы тууралуу билдирүүсүн укту.

Ал “Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым” деп билдирип, кызматтан кетүү тууралуу чечимин тарых жана убакыт таразалай турганын кошумчалады.

«Мамлекеттин башына эң кыйын учур келгенде, жоопкерчиликти таштап кетип калууга акысы жок» деген элдин үнүн угуп, бул күндөрү болгон аракетимди жумшадым. Мен үчүн — өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү – баарынан кымбат. Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Албетте, бул чечим коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынууда. Бул туура чечимби же жокпу – тарых жана убакыт таразалайт. Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык. Ушул курак, ушул кызматка жеткенге чейинки топтогон тажрыйбамды мындан ары да элим үчүн колдон келишинче жумшайм” – деп сөзүн жыйынтыктады Жээнбеков.