Өлкөдөгү бир катар мектептерде 1-класстар кадимки форматта окуп жатышат  

0
195

Учурда Кыргызстандагы бир катар метептерде сабактар кадимки режимде өтүлүп жатат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы мектептердин 1-классынын окуучулары 19-октябрь же кела жаткан дүйшөмбүдөн тартып салттуу режимде билим ала башташат.

Кошумчалай кетсек, Баткен жана Москва райондорунун 1-класстары да мектепте окуп башташты. Мектептер дезинфекцияланып, бардык санитардык нормалар сакталууда.