Садыр Жапаров: «Президент менен өкмөт башчысынын укугу мага өттү»

0
168

Премьер-министр Садыр Жапаров, ага президенттин милдетин аткаруу жүктөлгөнүн жарыялады. Бул тууралуу ал эски аянтка чогулган митингчилер менен жолугушууда билдирди.

«Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, ал дагы арыз жазды. Президент менен премьер-министрдин укугу мага өттү», — деди Жапаров.