Ошто санитардык эрежени бузган 5 ресторан убактылуу жабылды

0
249

Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге баш ийбей бир нече жолу эскертүү алган 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдирди.

Кечээ,12-октябрда Ош шаардык прокуратурасы, Ички иштер башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан түзүлгөн мобилдик топтор менен биргеликте рейд өткөн. Анда санитардык эрежени сактабаган «Мээрим», «Ала-Тоо», «Эне-Сай», «Хан-Ордо» жана «Ак-Кайың» ресторандарынын иши токтотулган.

Коронавируска каршы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандардын бардыгына карантин мезгилинде той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынган. Буга чейин бир нече жолу эскертүүлөр да берилген.

Учурда Ош шаарында 7 мобилдик топ бар. Жугуштуу COVID-19 вирусунун жайылышынан улам күчөтүлгөн тартипте иштеп, текшерүүлөр бардык аймактарда жүрүп жатат.