Си Цзиньпин этникалык кыргыз аялга мамлекеттик сыйлык ыйгарды. (Видео)

0
37

Кызылсуу-Кыргыз автономиялык облусунун тургуну, кыргыз кызы Бурмакан Молдо Кытай Эл республикасынын ЭЛДИК БААТЫР наамын алышы менен куттуктайбыз.
Салтанаттуу азем Пекинде Элдик жыйын үйүндө өткөн. Иш-чараны CGTN телеканалы түз алып берген.Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна караштуу Улуу-Чат айылынын тургуну улуттук коргоого кошкон салымы үчүн сыйланган.Жогорку мамлекеттик сыйлыктар 42 кытайлык жана чет элдик лауреаттарга тапшырылды. Наам алган чет элдиктердин арасында Куба Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Рауль Кастро, Таиланддын ханбийкеси Сириндхорн, танзаниялык саясатчы жана дипломат Салим Ахмед Салим, Франциянын мурунку премьер-министри Жан-Пьер Раффарен жана Пекин чет тилдер университетинин ардактуу профессору Изабель Крук бар.