БШК: Шайлоону жокко чыгарууга себепкер болгон партиялар кайрадан шайлоого катышбайт, шайлоо күрөөөсү да кайтарылбай

0
706

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн 1 айдын ичинде белгилейт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Ал билдиргендей, кайра шайлоого 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партиялар катыштырылбайт:

«БШК тарабынан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга кайсы партиялар себепкер болгону иликтенет. Ыктыярчылар менен чогуу соцтармактарга жарыяланган шайлоо күнү болгон бардык мыйзам бузуулар тууралуу фактыларды чогулттук. Андан тышкары БШКга түшкөн арыздар бар. ИИМге, Башкы прокуратурага түшкөн даттануулар бар. Ошолордун ар бири каралышы керек. Карап, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партияларды аныктайбыз. Бул партияларга шайлоо күрөөсү да кайтарылып берилбейт«.

4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы депутаттарды шайлоо өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон башка партиялар 5-октябрда Бишкекте мөөнөтсүз митингге чыгып, ал башаламандыкка айланган.

 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган.