Ошто COVID-19дан көз жумган жаран Өзбекстандан келген

0
87

Өзбекстандан келген аял Оштон эки тараптуу пневмониядан каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдырахманов билдиргенин Turmush.kg сайты жазган.

Учурда Кара-Суу жана Араван райондорунда илдетке кабылгандар көбөйүүдө. Мунун себеби, жергиликтүү тургундар санытардык талаптарды аткарбай жатат.

 «Облуста 224 бейтап дарыланып жатат, аларды алтоо оор абалда. Бүгүн 1962-жылкы Кара-Суу районунун тургуну эки тараптуу пневмониядан көз жумду. Ал Өзбекистандын жаранына турмушка чыгып, бирок Кыргызстандын жарандыгынан чыккан эмес. Ал коңшу өлкөдөн оор абалда келген. Оорусу күчөп кеткендиктен, көз жумду», — деди Шаятбек Абдырахманов.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Ош облусунда 21 жаңы учур катталды.