Куш тумоосунан Казакстандын дагы 3 айылы карантинге алынды

0
71

Коңшу Казакстандын Костанай облусунда дагы үч айыл куш тумоосунан карантинге жабылды. Родина айылындагы «Агроинтерптица» аттуу куш фабрикасы куш тумоонун очогу болгон. Учурда фабриканын айланасына тосмолор коюлган.

Облустук ветеринардык башкармалыгын башчысы Самат Калиев, куш фабрикасына жакын жайгашкан Фурманов жана Целинное айылдарынын жеке чарбасында оору байкалганын айткан. Чарбадагы куштардан анализ алынган, бирок жыйынтыгы чыга элек.

Карабалык районундагы Михайловка айылында да жүздөн ашуун куш өлгөндүктон, жакынкы күндөрү карантинге жабылары белгилүү болгон. Айыл бетон плиталары менен курчалат.

Кошумчалай кетсе, өткөн жумада карантинге Сары-Көл районундагы Маяк айылы, Узун-Көл районундагы Сокол, Красная Пресня айылдары жабылган.