Пандемия учурунда иштегендерди өлкө башчысы сыйлады

0
93

Бүгүн, 1-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков медиктерге жана пандемияга каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекеттик сыйлыктар дарыгерлерге, пандемия менен күрөшкө тартылган куткаруу кызматынын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттерине, журналисттерге тапшырылды.

Сооронбай Жээнбеков илдет менен күрөшкөндөрдүн каарман эмгектери менен таза ниеттерине бүткүл өлкө күбө болгонун белгиледи.

«Сиздер журтубузга түшкөн оор күндөрдү бийик абийир, ар намыс, жогорку атуулдук милдет менен өткөрдүңөр. Күнү-түнү тыным көрбөй, чарчадым чаалыктым дебей, өзүңөргө, ата-энеңерге, балдарыңарга, жакындарыңарга болгон коркунучка карабай, катаал илдет менен кармаштыңар», — деди президент.