Жылына 150 студенттин Венгриядан акысыз билим алуусу макулдашылды  

0
66

Венгриянын жогорку окуу жайларына жылына 150 кыргызстандык студент бюджеттик негизде кабыл алынмай болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында билим берүү жаатында эки тараптуу келишимге кол коюлган.

Ага ылайык, Венгриянын жогорку окуу жайларына жылына бюджеттик негизде 150 кыргызстандык студентти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

2016-жылдагы келишимге ылайык, кыргызстандык студенттерге жылына 25 орун берилип келген. Кийин аталган өлкөдө билим алууну каалагандар көбөйгөндүктөн 2019-жылы квотанын саны 75ке жеткен (30 бакалавр, 30 магистратура, 15 докторантура).

Окууга кабыл алынган студенттерди Венгрия акысыз окутуп, ай сайын стипендия берип, жатакана жана медициналык тейлөө менен камсыздайт.

Кыргызстандык жарандар Венгриядагы окуу жайларда эл аралык мамилелер, эл аралык бизнес, IT, журналистика, менежмент жана экономика багыттарын көп тандашат.