Нарындагы жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды

0
85

Кечээ, 30-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталганын ӨКМ билдирген.

Кырсык Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында Сары-Чат тилкесинде болгон. Анда оор жүк ташуучу “ГАЗ-53” унаасы менен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасы сүзүшкөн.

Окуяда  “Мерседес” унаасынын ичиндеги 1 эркек 1960-жылы туулган жана 1 аял 1964-жылы туулган жарандар кыпчылып калган.

ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары аталган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жетпей жолдо каза болушкан.