COVID-19: Кечээ Өзбекстандын вице-премьер министри Уктам Барноев көз жумду

0
228

Кечээ, 20-сентябрда Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Уктам Барноев коронавирустан каза болду. Ал июнь айында илдет жуктуруп алып, дарыланып жатканын аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген.

Уктам Барноев 2016-жылдан 2020-жылга чейин Бухара облусунун акими болуп иштеген. Ушул жылдын февралында Өзбекстандын агрардык өнүктүрүү жана азык-түлүк тармагындагы маселелер боюнча вице-премьер-министри болуп дайындалган.

Маркум Уктам Барноев 56 жашта болчу.