Сеул шаарындагы кафеде робот официант ишке кирди

0
88

Түштүк Кореянын борбору Сеулдагы кафелериндин биринде робот официант иштеп жатат. Ал бир эле учурда 4 орунду тейлейт. Тамак буйрутма берүүнү каалаган кардарлар сенсор экрандын жардамы менен тамагын тандашат.

Робот официант корей жана англист тилдеринде баарлашат. Ошондой эле, оор идиштерди жана ысык тамакты жеткирүүдө роботтордо маселе жаралбайт.

Мындай өзгөчө официант пандемия учурунда адамдардын байланышын азайтуу үчүн ишке киргизилген.