1-октябрдан Өзбекстанда чек аралар толук ачылат

0
93

Өзбекстанда 1-октябрдан тартып карантиндик жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен аба, темир жана автожол каттамдары ачылат. Мындай чечим өлкөнүн COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын чечими менен чыккан.

Акыркы 14 күндө “жашыл зоналарда” болгон кишилер Өзбекстанга эч кандай чектөөлөрсүз киргизилет. Бул өлкөлөргө: Кытай, Таиланд, Малайзия, Түштүк Корея, Грузия, Венгрия, Финляндия, Латвия, Австрия жана Жапония кирет.

Өзбекстанга Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Ооганстандан автотранспорттор менен келген адамдар ПЧР тест тапшыргандан кийин 14 күндүк карантинге алынат.

Ал эми башка өлкөлөрдөн бара тургандар учакка отурар алдында ПЧР тесттин жыйынтыгын көргөзүшү зарыл.

Эгер Өзбекстанга келген жүргүнчүдөн коронавирустун белгилери аныкталса, ал өз эсебинен аэропортто тест тапшырат.