Ноокатта жаңы мектеп ачылды

0
67

Ош облусуна караштуу Ноокат районунундагы Насирдин Исанов аймагындагы А. Чыңгараев мектеби жаңы имараттуу болду. Мектептин ачылышына Билим берүү министри Каныбек Исаков, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Жаңы салынган мектеп 225 орунга эсептелип, анын курулушуна республикалык бюджеттен 51 млн сом бөлүнгөнүн өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирет.