Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчалар өз ишин баштады

0
76

Шаардагы мамлекеттик бала бакчалар иштеп баштады. Бул тууралуу мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Айгүл Калматова билдирген. Мектепке чейинки билим берүу мекемелери санитардык талаптарга текшерилип, андан кийин тайпалардын санын азайтуу менен иштөөгө уруксат берилди. Ош шаарында жалпысынан 42 бала бакча иштеп баштады.

Эгер бала бакчаларда эрежелер сакталбаса дароо жабылбайт. Алгач эскертүү, андан кийин айып пул салынат. Ага да болбосо Билим берүү министрлигине сунуштама гана жибере алышат.