Эртең Кыргызстандын бардык аймагында ишембилик өтөт

0
162

19-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өлкө боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу  «Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова маалымат жыйынында билдирди.

Ишембилик эртең мененки саат 09:00дөн 12:00гө чейин болот.

Былтыр жалпы ишембиликке 624 миң адам катышкан. Быйыл пандемияга байланыштуу 50 миң киши катышары күтүлүүдө. Тазалоо иштери санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Ишембиликте топтолгон таштандылар 3 түргө бөлүнүп, чогултулат.

Бүткүл дүйнөлүк тазалык иш-чарасына Кыргызстан 3 жылдан бери катышып келүүдө.