65 млн сом зыян келтирген. Экс-министр Космосбек Чолпонбаев 2 айга камака алынды

0
153

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынды. Мындай маалыматты Башкы прокуратурадан билдиришкен.

«Космосбек Чолпонбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдасыз келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 65 миллион сомго жакын зыян келтирген деп шектелүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кармалган.