Мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

0
107

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан  кабарлады.

«Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталды. Ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген» — деп айтылат маалыматта.